Парламент “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Парламент Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

 

Түзөтүүлөрдү киргизүүнү президенттик аппарат демилгелеген. Документти 66 депутат колдоп, төртөө каршы добуш берди.

 

Мыйзам кабыл алынса мамлекет башчысы Конституциялык соттун чечимин бир нече иштер боюнча, анын ичинде “кыргыз элинин баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине” каршы келсе, кайра кароону демилгелей алат.