Кыргызстанда электр энергиясына чектөө киргизилди

Кыргызстанда электр энергиясына чектөө киргизилди. Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, мунун себеби Токтогул суу сактагычындагы суунун азайганына жана Токтогул ГЭСиндеги эки агрегаттын иши токтогонуна байланыштуу.

 

Чиновник белгилегендей, жергиликтүү бийликтегилер менен өлкөнүн бардык аймактарында электр энергиясын өчүрүү графиги түзүлгөн. Чектөөлөр боюнча «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу да кабарланууда.

 

Учурда Токтогул суу сактагычында 7,5 млрд метр куб суу бар. Эгер көлөм 6,5 млрд метр кубга түшсө ГЭС авариялык абалга кептелет. Мындан улам, жарыкты үнөмдүү пайдалануу сунушталат.