Ош облусунун Кара-Суу районунда 5 мектеп, 3 бала бакча жана 2 спорттук залдын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришти.
Андан сырткары 1 мектеп, 1 спортзал жана дагы бир бала бакчанын долбоордук-сметалык документациясын даярдоо иштери башталды.
Белгиленгендей, быйыл Ош облусунда жалпысынан 100дөн ашык объект курулат.