Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Соңку 2 айда коронавируска кабылуу көрсөткүчү азайып, 40 учурдан ашпай калды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын начальниги Айнура Акматова билдирди.

 

Анын айтымында, абал жакшырганына карабай, санитардык нормаларды сактоо керек.

 

Жарандар дайым беткап тагынып, гигиенаны сактап, иштеген жана жашаган бөлмөлөрдү улам желдетип туруу сунушталат.