Иранда калып калган кыргызстандык айдоочулардын  бардыгы Казакстанга кирди

Иранда калып калган кыргызстандык айдоочулардын  бардыгы Казакстанга кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кыргызстандык жүк ташуучулар өлкөгө Азербайжан, Россия жана Казакстан аркылуу транзит менен келе жатат.

 

Эске салсак, Иранда жүк ташуучу унаалары менен калып калган айдоочулардын биринчи тобу Кыргызстанга кайтып келе жатканы 22-мартта айтылган.