Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы уланууда.
Алсак, февралда бир литр дизелдик отундун баасы 58 сом 75 тыйын болсо,
1-мартка карата 3 сом 60 тыйынга кымбаттап, 62 сом 40 тыйынга жетти.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Аи-92 үлгүсүндөгү
бензиндин наркы 2 сом 70 тыйынга өсүп, учурда бир литри 62 сом 30 тыйынга
бааланууда. Ал эми Аи-95 бензини 66 сомго барабар. Белгилеп кетсек,
буга чейин доллардын кескин кымбаташына байланыштуу
күйүүчү майдын дагы баасы өсөрү айтылган