31-август – Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарында
30 боз үй тигилет. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, иш-чара «Эркиндик»
аянтында саат 10до башталып, жарманке, шаардагы мекеме-ишканалардын
кызматкерлеринин парады менен коштолот. Ошондой эле мыкты деп табылган
боз үйлөр боюнча сыйлык берилет. Ал эми кечки саат 7ден 10го чейин Курманбек
атындагы стадиондо чоң программадагы концерттик программа тартууланат.