Кыргызстанда көмүрдүн баасы арзандады

Кыргызстанда көмүрдүн баасы арзандады. Себеби – ага болгон суроо-талап төмөндөдү. Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, январга салыштырмалуу, февралда жергиликтүү көмүрдүн бир тоннасынын баасы 87 сом 50 тыйынга, ал эми импорттуу кара отундун наркы  75 сомго арзандады.

 

Учурда көмүрдүн тоннасын 4 миң 425 сомго сатып алса болот.