Кыргызстанда коронавирус катталды деп жалган маалымат таркаткандарга карата чара көрүлөт

Кыргызстанда коронавирус катталганы боюнча маалымат чындыкка  дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Белгилеп кетсек, акыркы күндөрү өлкөдө жаңы вирусту жуктуруп алгандар болуп жатат деген билдирүүлөр социалдык тармактарда тарап жатат.

 

Жалган маалымат жайылткандарга карата чара көрүлөт, — деп буга чейин милициядан эскертишкен.

 

Ал эми дарыгерлер, өз кезегинде дартты жуктуруп албаш үчүн өздүк гигиенаны сактап, эл көп чогулган жерлерге барбай, эт продукцияларын колдонууда этият болууга чакырат.