Бишкектин борбордук бөлүгүндө жарнамалык такталарды жайгаштырууга тыюу салынышы мүмкүн

Бишкектин борбордук бөлүгүндө жарнамалык такталарды жайгаштырууга тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу “Бишкек жарнама” муниципалдык ишканасынын директору Нургазы Жокунов билдирди.

 

Анын айтымында, чектөө Фрунзе, Токтогул, Панфилов көчөлөрүн жана Эркиндик гүлбагын бириктирген бөлүктө киргизилиши күтүлөт. Андан тышкары, кээ бир тилкелерде дагы жарнамалык такталарды жайгаштырууга айрым   чектөөлөр киргизилиши ыктымал. Алсак, ар бир конструкция жалпы көрүнүшкө жарашыгына ылайык илинет.