Бийлик дыйкандарга насыя берүү үчүн 10 миллиард сом бөлүп берет

Бийлик дыйкандарга насыя берүү үчүн 10 миллиард сом бөлүп берет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, өлкөнү азык-түлүктүн 9 түрү менен камсыздоо керек – анын ичинде эт, сүт, кумшекер, май, мөмө-жемиштер бар.

 

Андыктан, аларды өндүрүүчү агро-өнөр жай ишкерлерине колдоо көрсөтүлөт.

 

Бул максатта жеңилдетилген насыялар, каржылоо жана лизинг сунушталат.