Кыргызстанда каражаттын жоктугунан улам 90дон ашык мектептин курулушу  5 жылга токтотулду

Кыргызстанда каражаттын жоктугунан улам 90дон ашык мектептин курулушу  5 жылга токтотулду. Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар  жана инфраструктура бөлүмүнүн башкы адиси Анара Калыкова билдирди.

 

Анын айтымында, республика учурда 300 жаңы мектепке муктаж, бирок Мамлекеттик курулуш агенттиги тизмеге 205 объектти киргизип, жыйынтыгында анын тогузун гана колдонууга бере алды. Болгондо дагы эки мектептин курулушун Сауд Арабия өнүктүрүү фонду каржылаган болчу.