Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда

Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда. Соңку бир жумада америкалык валютанын куну 50 тыйынга төмөндөдү.

 

Учурга карата ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары долларды 88 сом 40 тыйындан сатып алып, кайра 89 сом 50 тыйындан сатышууда.

 

Ал эми Улуттук банк орноткон расмий курс —  88 сом 81 тыйын. Буга чейин доллар менен катар эле арзандап баштаган евронун куну  учурда туруктуу.