Кыргызстанда коронавирустан 12 миң адам эмделди. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, эң көп вакцина алгандар Ош жана Жалал-Абад облустарына туура келет. Эң аз – Таласта.
Ал эми эмдөөнүн экинчи дозасын азырынча Бишкек, Ош шаарларынын жана Чүй облусунун тургундары гана алды.