Кыргызстанда коронавирустан 302 адам айыкты

Кыргызстанда коронавирустан 302 адам айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 204, Ошто 19, Чүйдө 35, Нарында 6, Таласта 5, Ысык-Көлдө 18, Жалал-Абадда 12, Баткенде 3 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан коронавирусту 99 миң 175 адам жеңди.