Кыргызстанда коронавирустан эмделгендердин саны 1,5 миллиондон ашты. Анын 865 миңи биринчи дозаны, 653 миңден ашыгы эки дозаны тең алышкан, — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.
Белгилеп кетсек, өлкөдө эпидемиологиялык абалды жакшыртуу үчүн калктын 70 пайызын эмдөөдөн өткөрүү керек.
Бул 3 миллион 400 миң адамды түзөт. Учурда республиканын бардык аймактарында Кытайдын Sinopharm, Россиянын “Спутник V”, Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca вакциналарын бекер алууга шарт бар.