Социалдык фонд 1-октябрдан тарта пенсияны жогорулатууга 4 миллиард сом багыттайт. Президент жарлыгына ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 пайызга, бирок 500 сомдон кем эмес суммага көбөйтүлөт.
Муну менен алдыдагы индексациянын жыйынтыгы менен өлкөдө орточо пенсия 9 миң 354 сомду түзүп калат. Бул азыркы орточо пенсияга салыштырмалуу 1 миң 692 сомго көп.