Аксы, Ала-Бука райондорунда мамлекеттик дарыканалар ачылды

Аксы, Ала-Бука райондорунда мамлекеттик дарыканалар ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, алар дарыгерлик практика борборлорунда жайгашып, аларда дары-дармектин 1 миңден ашык түрү жеткиликтүү баада сатылат.

 

Учурда республика боюнча жалпысынан 63 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.