Кыргызстанда маяналардын бардыгын банк карталарына которуу каралууда.
Министрлер кабинети менен Улуттук банк накталай эмес акчанын үлүшүн 2027-жылга чейин көбөйтүү боюнча мамлекеттик программа иштеп чыкты.
Күтүлүп жаткан жыйынтыктардын бири — бардык мекеме, уюмдардын, чарбалык субъектилердин кызматкерлеринин айлыгын банк картасына өткөрүү. 2027-жылы карталардын саны 6 миллион 700 миңге жетери айтылууда. Өткөн жылдагы статистикага таянсак, өлкөдө 5 миллиондон ашык карта колдонууда.