Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан транспорттук коридору боюнча жүк ташуучу поезддер кое берилди

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан транспорттук коридору боюнча жүк ташуучу поезддер кое берилди. Биринчи курам кытайлык Ланчжоу станциясынан 9-июнда жөнөтүлдү.

 

Ал Ташкентке 15 күндө жетет деп пландалууда. Бирок Кыргызстан аймагынан жүк поездден унаага жүктөлөт, анткени, биздин өлкө аркылуу темир жол каттамы салына элек. Жүктө күн батареялары, механикалык жабдуулар, кездеме жана башка товарлар бар.