Бишкекте жарым марафонго карата айрым көчөлөр убактылуу жабылат.
Мэрия маалыматына ылайык, 17-июнда Бишкекте жыл сайынкы түнкү чуркоо өтөт. Иш-чара кечки саат 7де башталып, түн жарымга чейин созулат.
Буга байланыштуу кечки саат 8ден түнкү 12ге чейин Валиханов көчөсүнүн Анкара – Чүй бөлүгү, Чүй проспектисинин Валиханов – Ауэзов тилкесинин бир бөлүгү тосулат.