Кыргызстанда мал чарбачылыгы бир кыйла өстү

Кыргызстанда ушул жылдын биринчи жарымында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу мал чарбачылыгы бир кыйла өстү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, союлуучу малдын жана үй канаттууларынын саны, сүт жана жумуртка өндүрүү көбөйдү.

 

Мал чарбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон аймактардын ичинен Чүй облусу өзгөчөлөндү.