Эркечтам” өткөрмө бекетин модернизациялоо түйшүктү жеңилдетет

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” өткөрмө бекетин модернизациялоо аталган пунктагы түйшүктү жеңилдетет.

 

Учурда бул бекет күн сайын 100 жүк ташуучу, 60 жеңил машинанын өтүшүнө ылайыкташкан. Шарт жакшыргандан кийин күнүгө 1 миң машинага чейин өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул үчүн ал жерде төрт тилкелүү жол жана узундугу 187 метрге жеткен эстакадалык көпүрө, көмүр ташуу үчүн ленталык конвейер орнотуулууда.

 

Анын алкагында Кыргызстандан Кытайга көмүр жеткирүү пландалууда. Мунун баары күз-кыш мезгилинде жолдун жана посттун жүгүн бир топ азайтууга тийиш, — деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.