Кыргызстанда мамлекеттик дарыканаларды ачууга азырынча мүмкүнчүлүк жок

Кыргызстанда мамлекеттик дарыканаларды ачууга азырынча мүмкүнчүлүк жок.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирет.

Анын айтымында, бул көп каражатты талап кылат. Ошондой эле нормативдик базаны даярдоо керек.

Министр убадалагандай, аталган маселе дагы бир ирет каралат жана атайы дарыкананы негиздөөгө

смета түзүлөт. Эске салсак, буга чейин мамлекеттик дарыкана ачууну ыктыярчылар сунушташкан.