Кыргызстанда март жылуу болот. Буга синоптиктер ишендиришүүдө.
Маалыматка караганда, жаздын алгачкы айында өлкөнүн түштүк аймактарында,
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн +10го чейин жетээри күтүлүүдө.
Күндүз температура мамычалары +20дан жогору болот. Ал эми. Ысык-Көлдө түнкүсүн 5,
күндүз 15 градуска чейин жылыйт. Нарында -10 градустан жогорулап отуруп, +2ге жетет,
күндүз абанын табы 13 градуска чейин жогорулайт. Ал эми өлкөнүн
көпчүлүк аймагында жаан-чачындын көлөмү нормадан арбын болот.