Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда документтерин жоготкон жарандарга жардам берет.
Премьер-министр Улукбек Марипов билдиргендей, Мамлекеттик каттоо кызматына муктаж жарандардын
тизмесин түзүү тапшырмасы берилди. Ведомство бул максатта жер-жерлерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк,
нике күбөлүгү жана паспорт берүү үчүн көчмө Калкты тейлөө борборлорун уюштурат. Ошондой эле
унааларды жана айдоочулук күбөлүктү алууга да жардам көрсөтүлөт, — деп убадалады Марипов.