Аскерге жазгы чакырык жанданат

Аскерге жазгы чакырык жанданат. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга чейин өлкөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу аскерге чакыруу жана запаска бошотуу убактылуу токтотулган болчу.

 

Чечим айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизилгендиктен жана армияда илдеттин жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынган. Кыргызстанда 18 жашка толгон жарандар күзүндө жана жазында бир жолку милдеттүү түрдө армияга кызмат өтөөгө чакырылат.