Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тактоо иши уланууда. БШКнын отурумунда добуштар кайра саналып чыга турган шайлоо участокторунун тизмеси жана графиги бекитилди.
Алар – Ош облусундагы Көк-Жар, Ноокат, Араван, Ош жана Төлөйкөн округдары, Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад, Сузак, Токтогул округдары, Талас облусундагы Манас, Талас округдары, Чүйдөгү Ысык-Ата, Нарындагы Кочкор жана Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл округу.
Бул округдар боюнча добуштарды кайра саноо 10-11-декабрда жүргүзүлөт. Ага партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар жана журналисттер катыша алат.