Өлкөдө ноябрь айында 4 миңге жаран пенсияга чыкты

Өлкөдө ноябрь айында 3967 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Соцфонддун маалыматына ылайык, январь-ноябрь айларында 60 445 жаран пенсияга чыкты.

 

«Андан тышкары эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1407 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өлкөдө орточо пенсиянын көлөмү 6 миң 248 сомду түзөт.