Кыргызстанда пенсия жогорулайт.
Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 1-октябрдан тарта пенсия орточо эсеп менен 8 пайызга, же 455 сомго көбөйөт.
Муну менен өлкөдөгү пенсиянын орточо көлөмү 6 миң 248 сомду түзүп калат. Жогорулатуу чыгымдарына 830 миллион сом керектелет. Эске салсак, Кыргызстанда пенсионерлердин саны 715 миң 500 адамды түзөт.