Президент Садыр Жапаров чакан жана орто ишкердикке колдоо көрсөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, чакан жана орто ишкердикти колдоо үчүн Кыргызстанда 2022-24-жылдары камсыздандыруу төлөмдөрү айлыктын көлөмүнө жараша 27 пайыздан 22 жана 14 пайызга төмөндөтүлөт.
Жарлыкты ишке ашыруу үчүн министрлер кабинетине тиешелүү нормативдик актыларды Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу тапшырмасы берилди.