Кыргызстанда Россиянын эсебинен 9 мектеп курулат

Кыргызстанда Россиянын эсебинен 9 мектеп курулат. Объектилер өлкөнүн бардык аймактарында пайда болот. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, россиялык тарап курулуш процессине көзөмөл жүргүзүп, андан кийин мектептерди Кыргызстандын балансына өткөрүп берет.

 

Сабактар орус тилинде өтөт, зарылчылык жаралса, кыргыз класстары дагы ачылат.

 

Бул мектептерде сабак берген мугалимдер Россиядан окутулат. Курулуш иштери качан башталат, азырынча белгисиз.