Россиянын миграциялык каттоосуна туруу эрежелери өзгөргөн жок

Россиянын миграциялык каттоосуна туруу эрежелери өзгөргөн жок.

 

Белгилеп кетсек, социалдык тармактарда Россияда мигранттарды 3 айга гана каттоого алып жаткандыгы тууралуу маалымат тарап жатат.

 

Москвадагы биздин элчилик бул билдирүүлөрдү четке кагууда. ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары, анын ичинде кыргызстандыкарды миграциялык каттоого тургузуу үчүн, мурдагыдай эле 30 күн берилет. Бул мөөнөт аралыгында каттоого турган жаран Россия аймагында 1 жылга чейин мыйзамдуу түрдө жүрө алат.