Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Ислам оюндарында жаңы рекорд орнотту. Ал 100 метр аралыкты брасс ыкмасы менен 1 мүнөт 54 секундда сүзүп өттү. Буга чейинки рекордчу түркиялык Демир Атасой болчу, ал 100 метрди 1 мүнөт 1,39 секундада сүзгөн.
Петрашов Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында ар кандай аралыктарда 2 коло жана бир алтын медалдарды багындырды.