Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө октябрда башталат. Бул тууралуу 24 агенттигине Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аба-ырайынын кескин алмашуусуна туура келген октябрь-ноябрь айларында адатта өлкөдө сасык тумоо жана курч респиратордук вирустарга кабылуу учурлары көбөйөт.
Вакцинаны сатып алууга жарыяланган тендер бүгүн жыйынтыкталды, препарат өлкөгө 15-октябрга чейин жеткирилет деп күтүлүүдө.