Ноокат районунун Көк-Жар айылында жаңы бейтапкана пайда болот

Ноокат районунун Көк-Жар айылында жаңы бейтапкана пайда болот.

Буга карата Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады.

Медициналык мекеме 100 орунга ылайыкташат. Курулуш иштери 207 миллион сомго бааланганы

мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтында жазылды.

Сынактык арыздарды кабыл алуу 1-сентябрда токтотулат.