Кыргызстанда уюлдук телефондор каттоодон өтүшү керек болот

Кыргызстанда уюлдук телефондор каттоодон өтүшү керек болот.

Министрлер кабинети байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана тартибин бекитүү чечимин кабыл алды.

Өкмөт иштелип чыккан долбоордун алкагында, мобилдик телефондорду алып келүүнү контролдоо аркылуу мамлекеттин кирешеси көбөйөт,

уурдалган байланыш түзүлүштөрүнүн саны азаят, телефонду пайдалануунун коопсуздугу жогорулайт деп ишендирүүдө.