Тажикстандын куралдуу кол салуусунда 31 социалдык объект жабыркады. Бул тууралуу Курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинде 15 мектеп, 9 бала бакчак жана 7 саламаттыкты сактоо объектиси бар. 10 объектти жаңыдан куруу керек болсо, 21и капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж.
Эске салсак, Баткенде турак-жайларды, социалдык объектилерди жана инфраструктураны калыбына келтирүүгө мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард сом каралды.