Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 16 бөлүм тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4, өрт катталган.

 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкен айылында турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

 

Чүй облусунун Жайыл районундагы Степное айылында турак үйдүн болжол менен 150 чарчы метр чатыры күйгөн. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.