Бишкекте кар тазалоо иштери уланууда

Бишкекте кар тазалоо иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, «Тазалык» ишканасы түнкү убакта карды тазалоого киришти. Түнкүсүн жолдорго туз чачуу иштери башталды.

Линияда 36 атайын унаа иштөөдө. Ошондой эле ишкананын 18 кызматкери тартылып, 382 тонна техникалык туз колдонулган.

Учурда тротуарлар жана аялдамалар дагы кардан тазаланып жатат.