Жол эрежелерин бузгандар төлөгөн айыппулдан 241 миллион сом түштү

Кыргызстанда жыл башынан бери жол эрежелерин бузуудан алынган айып пулдун эсебинен мамлекеттик бюджетке 241 млн. 310 765 сом түштү. Бул өткөн жылкы ушул убактагы көрсөткүчтөн 38 млн. 647 865 сомго көп.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын (ЖККББ) алты айлык ишинин жыйынтыгы тууралуу жыйынында айтылган маалыматка ылайык, алты айда жол кыймылынын эрежелерин бузган 486 083 айдоочу аныкталган. 37 784 автоунаа айып токтотмосуна токтотулган.

Булардын ичинен 5 440 айдоочу машинесин мас абалында айдаган. 4910 айдоочу автоунаасын тиешелүү документтери жок айдап жүргөн. 200 миңге жакын айдоочу жол белгилерине баш ийбесе, 150 миңге чукулу коопсуздук курун тагынбаганы үчүн айып пул төлөшкөн. 71 миңден ашуун айдоочу ылдамдыкты ашыра айдап, кармалган.

 

Быйыл 8-марттан тартып жол эрежесин бузган айдоочуларга карата чаралар катаалдашып, айып пулдардын өлчөмү көбөйтүлгөн. Ага ылайык, мас абалындагы айдоочулар айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Айрым жол эрежелерин бир жыл ичинде үч жолу бузган айдоочу кайра экзаменге жөнөтүлөт.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсүнөн болот.