ЕАЭБ өлкөлөрү коронавирус менен күрөшүүдө бири-бирине жардам берет

ЕАЭБ өлкөлөрү коронавирус менен күрөшүүдө бири-бирине жардам берет.

Кабыл алынган чечим вирустан тышкары, анын кесепетине, валюта

рыногундагы абал жана миграцияга дагы тиешелүү. Армения импорттолгон

айрым товарларга бажы пошлинасын албай турууну же азайтууну сунуштады.

Ал эми кыргыз өкмөтү өлкөлөр бири-бирине көрүлүп жаткан чаралар боюнча

маалымат берип туруу сунушун киргизди. Кырдаал ар бир мамлекеттин

Экономика министрликтери менен Улуттук банктары тарабынан жөнгө

салынып жатат. Белгилеп кетсек, Россия эртеңден тарта чет өлкөнүн

жарандарын өз аймагына киргизбейт. Бирок өткөрүү түйүндөрүндө

«жашыл коридор» ачылат.