7-июлда өлкөнүн бардык мектептеринин бүтүрүүчүлөрү аттестат алат. Ал эми 5-июлда толук эмес орто билим жөнүндө документке 9-классты аяктагандар ээ болот.
Салтанаттуу линейка эртең мененки саат 9да башталат, — дешти Билим берүү министрлигинен. Ведомстводон белгилешкендей, кечкисин бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынат.