Таласта нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кокту-колоттон аккан суу Көпүрө – Базар айылынын тургундарынын үйлөрүн каптады.
Селдин кесепеттерин жоюуга ведомствонун ыкчам тобу жана 16 куткаруучу тартылды. Тазалоо иштери жүрүүдө.