Лионель Месси расмий түрдө Франциянын «ПСЖ» футбол клубунун оюнчусу болду

Лионель Месси расмий түрдө Франциянын «ПСЖ» футбол клубунун оюнчусу болду.

Келишим 2 жылга түзүлдү. Аны дагы 1 жылга узартуу мүмкүнчүлүгү бар. Мессинин

жаңы клубдагы кирешеси жылына 35 миллион евродон деп орнотулду. Эске салсак,

Месси менен “Барселона” келишими июндун соңунда аягына чыккандан кийин каржылык

тоскоолдуктардан улам узартылган жок. Муну менен 34 жаштагы футболчу 17 жыл

ойногон командасынан чыгып кетүүгө аргасыз болду.