Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна кызуу даярдыктарды баштады

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна кызуу даярдыктарды баштады. Белгилеп кетсек, гидроэлектростанция Жалал-Абад облусундагы Нарын дарыясында курулат.

 

Долбоорго ылайык, станция жылына 5 миллиард киловатт электр энергиясын иштеп чыгат. Плотинанын бийиктиги 256 метрди түзүп, анда 5 миллиард кубометр сууну топтосо болот.

 

Даярдык иштер 2 жылга созулат. Эске салсак, Камбат-Ата-1 ГЭСи – бул акыркы жылдардагы эң ири энергетикалык долбоор. Анын ишке кириши менен Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетет деп күтүлүүдө.