Кыргызстанда бир нече күнгө электр жарыгы өчүрүлөт

Кыргызстанда ушул күндөрү электр энергиясы менен камсыздоодо убактылуу чектөөлөр болуп жатат.

Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын башкы директору Айбек Айдаралиев билдирди.

Ал Токтогул ГЭСинде авария болгону тууралуу маалыматтар фейк экенин айтып, Кыргызстандын энергосистемасы кадимки тартипте иштеп жатканын, болгону, аталган ГЭСтеги төрт агрегаттын бири оңдоп-түзөөдөн кийин эртең, 11-ноябрда пайдаланууга берилерин билдирди.

Мындан улам, бир-эки күн бир сааттан ашпаган убактылуу чектөөлөр болот, — деди чиновник.