Курч респиратордук вирустук инфекцияларды жана сасык тумоону алдын алуу жолу айтылды

Курч респиратордук вирустук инфекцияларды жана сасык тумоону алдын алуу жолу айтылды.

Республикалык штабдан билдиришкендей, алардын негизги критетийлери туура тамактануу жана

дайыма кыймылда болуу, эгерде адам өзүн жаман сезип жатса коомго аралашпай турушу зарыл.

Ошондой эле өздүк жана үйдөгү гигиеналык эрежелерди так жана туура сактоо, ооруган адам менен

байланышпай туруу жана вирустук инфекциянын белгилери байкалса дароо дарыгерге кайрылуу керек.

Өз алдынча дарылануу кооптуу. Белгилеп кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги

сууктун түшүшү менен аталган оорулардын күч аларын эскертет.