Япония Кыргызстанга 4,5 миллион доллар берет

Япония Кыргызстанга 4,5 миллион доллар берет. Келишимге Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки менен Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева кол койду.

 

Каражатка жогорку сапаттуу медициналык жабдуулар сатылып алынып, ооруканалар арасында бөлүштүрүлөт. Өкмөттөн буга чейин билдиришкендей, Кыргызстан пандемия шартында эл аралык донорлордон 627 миллион доллар алат.

 

Каражат мединалык жабдууларды сатып алууга, республикалык бюджетти колдоого багытталышы керек.