Кыргызстанда жаңы мамлекеттик мекеме түзүлөт

Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция түзүлөт.

 

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Дирекция өлкө аймагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу менен да алектенет.

 

Мындан тышкары, мекеме объектилерди курууда энергия үнөмдөөчү заманбап технологияларды киргизүү боюнча иш алып барат.